Нарындагы митинг уруш-талаш менен аяктады

Нарын шаарында бүгүн электр энергиясына болгон бааны төмөндөтүү талабы менен митингге чыккандар тарап кетишти. Митингдин активдүү катышуучуларынын бири Бактыгүл Жумабаева билдиргендей, ал митингдин жүрүшүндө мурдагы губернатор Адыл Эсенбеков ага жулунган. Уруш чыкканда милиция кызматкерлери Адыл Эсенбековду сыртка алып чыгып кетишкен. "Мен бүгүн "Апрель Баатыры" деген төш белгиден баш тартам. Бүгүн болсо күбөлүктү өрттөдүм. Биз Бакиевди электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу кубалап, 100гө чукул баладан айрылып калдык. Эми биз алып келген бийлик элдин маселесин чечпей жатканы өкүндүрөт. Мен ушуну айтып жаткандай, Адыл мага каршы чыгып, мен тарапка жулунду. Аны коопсуздук кызматы токтотуп, сыртка алып чыгып кетти. Ушуну менен митинг да аяктады",- деди ал. 
Б.Жумабаева кошумчалагандай, бул митингдин жүрүшүндө өкмөттүн облустагы өкүлү жана бир катар өкмөт мүчөлөрү болушту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kgmiko
2015-01-14 18:06:06
Кандай болбосун ким ак айтканда так айтсын! Жапа чеккен жалгыз Кыргыз элим болду!
+1
tolkun9090
2015-01-14 18:12:09
Негизинен алганда бакиев электр энергиясын жогорулаткандан кеткен президенттиктен,эгер баа томондобосо атамбаев деле кетет президенттиктен,жуз пайыз кепилдик берем
+1
Aitunuk
2015-01-14 18:18:25
Өзүнүн наамын да, өлгөндөрдү да сыйлай албаган, ХХХ адамдын кылыгы. ХХХ экенин далилдептир.
0
admin_superstan
2015-01-14 18:26:00
Aitunuk, кемсинтүүгө, мазактоого жол жок! Эскертүү!
0
rus.sayk
2015-01-14 18:47:32
Губернатор эл менен иштешууну билбеген адам окшойт. Жулунуп эмне тапмак эле. кызык экен.
+1
K.Batken
2015-01-14 19:07:27
rus.sayk, мурдагы окш0йтко Адыл.
0
ALBIKA
2015-01-14 19:24:47
Бизде озу электр энергиясынын 1киловатты канча турат.
0
suiuktuujar
2015-01-14 19:36:35
Качан тынч жашайбыз озу.
0
kanat_kyrgyz
2015-01-14 23:44:44
Азыркы тариф бойунча 700КВка чейин, 1КВ электр энергиянын баасы 0.75сом. 700КВтан ашкан электр энергиянын баасы, 1КВна 2.50сом.
0
dominic_toretto
2015-01-15 00:34:17
Шерменде эле болушту го караан калгыр бийлик.
0
zama..kg..86
2015-01-15 00:45:10
Аша.кетип эле калса болот эле ушунча жыйнаганы АЗ болуп атабы экен элдида кыйнабай каргышына да калбай
0
kerakg
2015-01-15 11:27:51
карга карганын козун чукубайт, бийликте да ошол лакапты кармайт.
0
rah
2015-01-15 14:15:33
бакиев барында светин басы 0.70тыйын эле азыр болсо 2.5сом атабаев 3эсеге которуп жиберди
-1
bema_bema
2015-01-15 15:39:29
Жадап кетесин,не баляя деген жашоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан