"Борбор калаадагы №4-төрөт үйүндө алмаштырылды" деген жаңы төрөлгөн кызга азырынча операция жасалбайт. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди.
“Бүгүн эртең менен ымыркайга операция жасоо же аны убактылуу токтотуу маселесине байланыштуу биздин бөлүмдүн тиешелүү дарыгерлеринин катышуусундагы экинчи консилиум болуп өттү. Анын жыйынтыгына ылайык, азырынча балага операция жасалбай тургандыгы чечилди. Учурда кыздын абалы туруктуу. Аны күнүгө атасы келип көрүп кетүүдө, ошондой эле таенеси жанында болуп жатат”,- деди Г.Жанабилова.
Дарыгердин айтымында, кызга операция сөзсүз жасалат, бирок жакын арада эмес. Бүгүн маалымат жыйынында №4-төрөт үйүнүн жетекчилиги "ымыркайды алмаштырды" деген эне кечээ төрөт үйүнөн чыкканын айткан. Ал эми наристе жаткан ооруканага ал келе электигин айтышты. "Кызыңыз төрөт үйүнөн кечээ эле чыккан экен, ал баласына качан келет? Аны сурап жатабы?" деген суроолорго баланын таенеси жооп бере алган жок.
Эске салсак, №4-төрөт үйүндө көз жарган 22 жаштагы Айнагүл Имамназарова "дени сак төрөлгөн уулубузду чуркусу (грыжасы) бар кызга алмаштырып койду" деп айтып чыккан. Учурда наристе балдар ооруканасында жатат.