Бүгүн, 14-январда Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” аймактык башкаруусунда “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы” деген аталышта жыйын болду.
Анда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын принциптери жана максаты, диний саясаттын негизги багыттары, аталган концепцияны ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө чакырылган институттар катары диний уюмдар жарандардын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын камсыз кылуунун маанилүү субъектиси мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу - мамлекеттүүлүктү туруктуу өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн негизги шарттарынын бири. Бул максатка жетишүү үчүн динге ишенгендердин конституциялык укуктарын сактоо, ошондой эле жарандардын милдеттерин түшүнүүсүнө негизделген коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды так түзүү талап кылынат.