Бүгүн, 14-январда шаардагы №18-мектепте өткөн педагогдордун кезектеги секциялык ишинде “Жаштар арасында келечекке болгон ишенимдин төмөндөшү жана анын натыйжасында билимге болгон кызыгуунун солгундашы” аттуу теманын алкагында кеңири талкуу жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда окуучулардын окууга кызыкпай калганынын негизги себептери катары үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, миграция, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары сабактан сырткары түрдүү жумуштарда иштеп, окууга көңүл бура албай калган учурлары жана компьютердик оюндарга азгырылып кетип жаткандыктары баса белгиленди. Кандай болгон күндө да окуучуларды билимге кызыктыруу максатында педагогдор ар бир окуучунун көйгөйү менен тааныш болуп, аны жеңилдетүү аракеттери боюнча мектеп жамааты жана ата-энелер менен тыгыз мамиледе болуп, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруусу милдеттендирилди.
Аталган иш-чарага Түштүк аймактык социалдык педагогдордун коомдук бирикмесинин төрайымы З.Эшмуратова, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу С.Жудошева жана аталган башкармалыкка караштуу бардык мектептин соцпедагогдору катышты.