Бүгүн Орусиянын Миграция кызматы мигранттарга эмгектенүү үчүн патенттерди бере баштайт

Бүгүн, 15-январда Орусиянын Федералдык миграция кызматы чет өлкөлүк жарандарга эмгектенүү үчүн патенттерди бере баштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкы патенттерди тапшыруу аземи Москва облусунун Бирдиктүү миграциялык борборунда өтөт. "Бул жерде чет өлкөлүк жарандар медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиядан (манжалардын издери аркылуу өздүгүн аныктоо) өтүп, орус тили, Орусия Федерациясынын мыйзамы жана тарыхы боюнча сынак тапшыра алышат. Булар патент алуу үчүн керектүү шарттар",- деп белгилейт басма сөз кызматы.
Айта кетсек, жаңы 2015-жылдан тарта миграциялык мыйзам өзгөртүлгөн. Жумушка уруксат берүүчү кагаз жана патенттин ордуна бирдиктүү документ - эмгектенүү үчүн патент пайда болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ularbek89
2015-01-15 10:34:25
Дагы да кененирээк маалымат кутобуз супер кж
0
girlzat
2015-01-15 10:38:22
Ооба бизге аябай керек кенениреек жазыныздар сураныч
0
nur-patriot
2015-01-15 10:45:26
girlzat, http://www.super.kg/kabar/news/96319/
аиий. 5 миң рубль турбайбы. экзменден өтпөй алсан кайра тапшыруу да 5 миң рубль, дагы 5 мин рубль
+4
manpover2014
2015-01-15 13:48:20
nur-patriot, орус оюндагысын кылат болуп отсон деле отпой атат деп 5минден ала берсе кандай болот
0
dominic_toretto
2015-01-15 10:45:02
Орусиянын тарыхын,мыйзамын мигранттар билип эмне кылат дейм да.Биз пул тапканы келебизби же мыйзам,тарыхын окуганы келебизби.Кыскасы айыккыс геморрой!
+3
bema_bema
2015-01-15 15:42:56
dominic_toretto, ой боорду эздинго
0
sultan89
2015-01-15 11:03:32
Турмушун эшек араба,Туулдун калдын балээге болуп калдыго орусияда
0
zama..kg..86
2015-01-15 13:07:48
Мына бизге базы саюздун пайдасы башталды
0
uulay
2015-01-15 13:08:59
Россиянын эмес Кыргызстандын тарыхын толук билбейм кантип алабыз билбейм.разговорный речь болгону мн грамматикасы кыйын да
0
kama_future_millioner
2015-01-15 19:31:37
Мигранттардыы дагы да кыйнайт экендааа
0
kg.sity93
2015-01-15 23:02:05
Айтпа.
0
minchynar
2015-01-16 02:23:31
Канча болуптур патент сенасын жазсанар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан