Бүгүн, 15-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандын эмгек мигранттары орус тили, Орусиянын тарыхы жана мыйзамдары боюнча тестирлөөдөн өтүп башташты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тарых боюнча суроолор мигранттар арасында кыйынчылыктарды жаратууда. "Мисалы, "Кайсы хандыктын башкаруу мезгилинде Русь мамлекетинде христиан дини кабыл алынган?" же "Биринчи космонавт айымдын аты ким?" деген жөнөкөй суроолорго мигрант жооп таппай калууда",- деп билдиришти басылмалар.
Айта кетсек, 2015-жылдан тарта миграциялык мыйзам өзгөртүлгөн. Жумушка уруксат берүүчү кагаз жана патенттин ордуна бирдиктүү документ - эмгектенүү үчүн патент пайда болгон. Аталган сынакты тапшырыш үчүн 5 миң рублга чейин акча төлөө керек. Экзаменди кайра тапшырууда да мигранттар ушул эле суммадагы каражат сарпташат.