Нарын шаардык мэриясына 2014-жылы 753 кайрылуу келип түшкөн

Нарын шаардык мэриясына 2014-жылы 753 кайрылуу каты келип түшкөн. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.

Анын айтымында, келип түшкөн кайрылуулардын 202си жазуу жүзүндө, 1и электрондук түрдө болгон. Мындан сырткары мэрдин жана вице-мэрлердин кабыл алуусунда 399 жаран болуп, 151 оозеки кайрылуулар кабыл алынган.

Келип түшкөн кайрылуулар төмөнкүдөй тартипте бөлүнөт:

- жетекчилердин кызмат абалынан пайдалангандыгы – 13;

- укук коргоо органдарынын иштери боюнча – 1;

- пенсия жана жөлөк пул тууралуу – 3;

- материалдык жардам сурап кайрылгандар - 160;

- коммуналдык тейлөө боюнча (электр энергия, жылуулук, таштанды ж.б.) - 219;

- турак жай маселеси боюнча – 12;

- табигый кырсыктардан жапа чеккендер, ссуда алуу боюнча - 52;

- транспорт, байланыш, жол маселелери боюнча – 13;

Ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү жана башка маселелер боюнча арыз-даттануулар келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан