Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде кыргыз элинин 7 белгилүү инсанына арналган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Мында Курманжан датка, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Сүймөнкул Чокморов, Жалил Садыков жана Раатбек Санатбаевдин 150гө жакын коомчулукка белгилүү жана жарыялана элек сүрөттөрү көрүүчүлөргө тартууланууда. Мындан сырткары көргөзмөгө аталган инсандарга тиешелүү буюмдар да коюлган.
Сүрөттө:
1. Раатбек Санатбаев
2. Султан Ибраимов
3. Абсамат Масалиев
4. Исхак Раззаков
5. Сүймөнкул Чокморов
6. Жалил Садыков
8. Курманжан датка