Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы бала дале эсине келе элек

Борбордогу Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы бала эсине келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн билдиришти.

“Баланын абалы ошол эле бойдон калууда. Ал качан эсине келери белгисиз. Балким, бир ай, балким, жарым жыл. Азырынча анализ берүү өтө кыйын. Ал бала дале жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алууда. Учурда баланын өмүрүн сактоо үчүн бардык аракеттер жасалып, ага керектүү дарылар берилүүдө”,- деп билдиришти жандандыруу бөлүмүнөн.  

Белгилүү болгондой, сабалган бала ооруканага эле эс-учун жоготкон абалда келип түшкөн. Бүгүнкү күндү эсепке алганда, ал 5 күндөн бери комада жатат.  

Эске салсак, 2 жаштагы бала ооруканага 10-январдан 11-январга караган түнү саат 00:15тер чамасында оор абалда келген. Анын денесинде көптөгөн эски жана жаңы жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Saribulak
2015-01-15 12:56:00
Байкушум жакшы болуп кетсе экен эми.
+5
brend007
2015-01-15 13:00:41
Эки дуйно азап тартсын ушул баланы урган адам. Айыгып кетсин тезирээк. Чонойсо эл башкарган жигит болсун ушул бала.
+1
sultan1406
2015-01-15 13:04:47
Ушинтип баласын кыйнап торобой эле койбойбу эне сорой,мерез эне,убал.журогун оруйт коргон сайын,Аллахым шыпаасын бер
+1
jass00
2015-01-15 13:28:26
Balanyn enesi uktu beken?emne u4un torop tawtap ketet,min naalat uwul balanyn ata enesine.
0
myrza80
2015-01-15 13:32:33
Ээ Аллахым озун аман алып калгын кыйын эле болгон байкуш балага,ошол дааватка дегендерге Аллахым биринчи илим берсин ошондо тушунумок ар нерсенин жоопкерчилигин.
+2
Akshumkar
2015-01-15 13:52:01
Аман эсен айыгып кетсе экен Аллах-Таалам шапаасын, боороум ачышып жатат ушул балага. Сабаган адам олумдон жаман жазасын алса экен
+1
cindrella
2015-01-15 14:46:02
Бечара бала жакшы болуп кетсин.Ушундай ахвалга тушургон адамдар жазасын алсын'аллах жазасын берсин!
+1
bema_bema
2015-01-15 15:35:05
Жакшы болуп кетсин байкушум,мага бергилечи кыйнап,кодобой уч балама кошуп сонун кылып багып алам.
+5
Ibragim864
2015-01-15 17:36:06
bema_bema,Рахмат, Сендей кыргыздын кыздары коп болсун!Ибрагимдин,балдарындын ден соолугу чын,омурлору берекелуу болсун!
0
tynara1983
2015-01-15 16:52:43
Ибрагимге кудайым озу куч кубат берсин!!!
+1
gulmaray
2015-01-15 17:18:49
Алла Таллам озун жардам бере кор! Мыкачы адамга да оз жазанды бере кор!
0
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-15 20:39:44
Аллах озун шыпаа бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан