Активисттер балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарды өлүм жазасына тартуу боюнча петицияга кол чогултушууда

Активисттер балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамдарды химиялык кастрациядан өткөрүү же өлүм жазасына тартуу боюнча петицияга кол чогултушууда. Андан соң ал Жогорку Кеңешке жана президентке жөнөтүлмөкчү.
"Бишкек балдар ооруканасынын "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, 2014-жылы бул мекемеге зордук-зомбулукка кабылган 52 бала (алардын 7си сексуалдык зордукка кабылган) түшкөн. 2013-жылы болсо 47 бойго жете элек бала келген. Ал эми быйылкы жылдын бир айы соңуна чыга электе эле 2 факты катталды",- дешет активисттер.
Азыркы тапта 380 кол чогултулгандыгы белгилүү болду. Тиешелүү тартипке ылайык, петицияны парламентке жана президентке жөнөтүш үчүн 500 кол чогултулуш керек.
Эске салсак, 2 жаштагы бала ооруканага 10-январдан 11-январга караган түнү саат 00:15 чамасында оор абалда алынып келинген. Анын денесинен көптөгөн эски жана жаңы жарааттар байкалган. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
azhunushaliev
2015-01-15 16:32:19
мен дагы кошулам алрды олум жазасына же бычып салыш керек
+4
tynara1983
2015-01-15 16:44:54
Энн жакшы идея!!! Менденда бир кол!
+2
Shpionka
2015-01-15 17:05:17
Биз кол койсок болобу кайсыл жака барса болот
+2
sabyr86
2015-01-15 17:07:00
Балдарды эле эмес кыздарды да зордуктагандарды,дегеле зордукчуларды түп тамыры м.н жоготуш керек.мен да кол крйот элем.
+3
Akshumkar
2015-01-15 17:15:47
Эн туура мен дагы кошулам кайсыл жакта болуп жатат мен дагы кол коём адресинерди берип койгулачы суранам
+2
ker
2015-01-15 19:57:30
Туптуура мен дагы кошулам колду каяка коюш керек.Андай эркек соройлорду эл алдында тируулой орттоп салыш керек.
+3
Akmosha
2015-01-15 23:09:58
Баарынарга кошулам,андай зордуктаган эркекти чындап бычыш керек,таш баранга алыш керек ошондо токтобосо кучоп баратат.
+2
janila76
2015-01-16 00:04:26
мен да кошулам олум жазасына кетириш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан