Бишкек-Ош унаа жолундагы чектөө алынды, унаалар токтоосуз өтүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2015-жылдын 15-январында саат 04:00 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда катуу бороондун кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 128-129-чакырымдарында унаа тыгыны пайда болгон. "ЖЭМ-9 тарабынан 2 грейдер, 2 самосвал, 2 жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, унаа жолду кардан тазалоо иштери жүргүзүлө баштаган. Ошондой эле унаа жолдо коомдук тартипти көзөмөлгө алууга Райондук жол кыймылы коопсуздугу бөлүмү тарабынан 3 милиция кызматкери тартылып, тыгындын кесепетин жоюу иштери жүргүзүлгөн",- деп билдирди басма сөз кызматы.