“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып жаткан жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарган. Бул убакыт аралыгында тергөө амалдары жүрөт. Ал эми бүгүн кылмышка шектүүнүн аялынын баш коргоо чарасы каралат.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ошондой эле кечээ кылмышка шектүүнүн аялы да кармалган.