8-февралда Бишкек шаарынын Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Өзүңдүн социалдык жарнамаңды жаса” аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылат. Маалым болгондой, аталган сынактын уюштуруучусу болгон «Балдардын медиа борбору» коомдук бирикмесине Кыргызстандын бардык аймактарынан 70 видео, 23 аудиоролик келип түшкөн. Алардын өнөрлөрүн ММКнын кызматкерлери, сүрөтчүлөр жана башка коомдук ишмерлерден түзүлгөн калыстар тобу баалашат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык тапшырылмакчы.