Туугандары тарабынан катуу сабалып, жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 жаштагы баланын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.
"Экспертизанын жыйынтыгы бүгүн эртең менен чыкты. Ага ылайык, баланын сабалып жана зордукталганы аныкталды",- деди ал.
Эске салсак, 11-январга караган түнү шаардагы балдар ооруканасына
2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары
47 жаштагы жаран жана анын аялы эки айга камакка алынган. 47 жаштагы жаран 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда. Ал эми 2 жаштагы бала 11-январдан бери жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.