Биз социалдык тармакта

Мелис Мырзакматов мэр болуп турганда курулган Оштогу Манастын эстелиги боюнча кылмыш иши козголду

Ош шаарындагы "Айкөл Манас" монументалдык комплексинин курулушу боюнча мэриянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. УКМКдан SUPER.KG`ге билдиришкендей, эстеликтин курулушуна 10 миллион 112 700 сом ашыкча жумшалганы текшерүүдө аныкталды. 
"2011-жылы Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тендер өткөрүп, эстеликти "Ай-Жол" ЖЧКсы тургузган. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүсүндө комплексти курууда 10 миллион 112 700 сом ашыкча пайдаланылганы аныкталды. Учурда УКМКнын Ош шаардык башкармалыгы тарабынан тергөө иштери жүрүүдө",- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан