Өзгөн районунда Канжар Кадыралиев менен бирге каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Өзгөн районунда Канжар Кадыралиев менен биргеликте каракчылыкка шектелип издөөдө жүргөн Сашка каймана аты менен белгилүү Абдисалам Аманов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин Оштогу башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 
"Кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн Абдисалам Аманов кечээ, 20-январда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен кармалды. Ал Ош ОИИБи жана Өзгөн РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында каракчылык боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде шектүү катары издөөдө жүргөн. Ал 2014-жылы 31-августка караган түнү 4 белгисиз жаран менен бет капчан келип, Куршаб айылында жайгашкан Ашыралы Келдибаевдин үйүн тоноп кетишкен. Кылмышкерлер үй ээсинин 35 жаштагы уулу Сактан Келдибаевди тапанча менен коркутуп, сейфти ачтырган соң 10 миң доллар суммасындагы акча каражатын жана эки уюлдук телефонду алып, изин суутуп кетишкен. Бул боюнча Өзгөн РИИБи кылмыш ишин козгоп, шектүү катары Абдисалам Амановго издөө жарыяланган",- дейт З.Сыдыков. 
Маалыматка ылайык, учурда бул каракчылык фактысына шектүү жарандарды да издөө иштери кызуу жүрүүдө. Алардын ичинде Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиев да бар. Ага буга чейин Башкы прокуратура “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жабыр тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kiyalbek.82
2015-01-21 18:53:09
Супер инфо! Канжар Кадыралиевдин дайыны чыкпай кеттиго мумкунчулук болсо маалымат берип коесуздарбы алдын ала рахмат.
+4
admin_portal
2015-01-22 10:48:08
kiyalbek.82, Саламатсызбы! Аракет кылабыз.
0
danyshman
2015-01-21 19:02:35
Рас кармапсынар, ХХХ ХХХ ХХХ. Биздин ИИМдин колунан по...к келбейт экен,ошол Ошто жургон Канжар Кадыралиевди кармап алалбагандан кийин ИИМди жоюп салыш керек экен анда эле.
+2
admin_portal
2015-01-22 10:48:46
danyshman - эскертүү! Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
0
Aidar.001
2015-01-21 20:10:24
Арам тамактарды камаш керек
+1
meli12
2015-01-22 02:26:56
негизи катуу кылмыш кылгандар,олтургондор учун олум жазасын киргизуу керек ошондо кылмыш,мыкаачылык азаят. Коркуу сезими пайда болот жубарымбектерде
0
myshka406
2015-01-22 09:59:27
Балык башынан сасыйт куйругунан тазалайт болуп жатабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан