Чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келгендер кем дегенде 50 миң долларга күйүп, карызга баткандарын айтышты

Бүгүн, 23-январда борбордун М.Горький атындагы сейил багындагы митингдин жүрүшүндө чет өлкөдөн жеңил унааларды алып келгендер кем дегенде 50 миң долларга күйүп, карызга баткандарын айтышты. Алардын айтымында, учурда салыктык наркы төлөнө элек 300дөй унаа турат.  

“Биздин митингге чыкканыбыздын себеби, бери жагы эле 50 миң долларга күйүп жатабыз. Көп унаа ташыгандардын моюнуна 300-400 миң доллардан илинип калып жатат. Менин жолдошум унаа алып келе жатып жол кырсыгына учурады. Анын үстүнө азыркы тапта банктан алган насыя да төлөнө элек. Алып келген унааларына бажыдан өткөрүү үчүн эле 50 миң доллар керек болуп жатат. Бул көйгөйдөн кантип чыгабыз билбейм... Азыр жолдошумду анын кардарлары коркутуп, жаман-жакшы айтышууда. Кардарлары качан үйгө кирип келет, бул абалдан кантип чыгабыз деп кабатыр болуп жатам”,- дейт Салима Турунбекова.

2 жылдан ашуун убакыттан бери жеңил унаа ташып келүү менен алектенген дагы бир ишкер 4 миллион сом салык төлөгөнүн айтты. Анын айтымында, мамлекетке пайда алып келген ишкерлерди өкмөт колдошу керек.   

2,5 жылдан бери банктардан ири суммадагы насыяларды алып, Грузиядан унаа ташып келип иштейм. Ошол убакыттан бери мамлекеттин казынасына мен жалгыз эле 4 миллион сомдой салык төлөптүрмүн. Ал эми мен сыяктуу иштегендер канча? Башыбызга түшкөн оор мүшкүлдөн улам биз өкмөттөн жеңилдик сурап кайрылууга аргасыз болдук. Сентябрь айында да салыктык нарк көтөрүлгөн, бирок ал анча сезилген эмес. Анда биз ар бир унаага 900 долларга чейин төлөсөк, кийин 1300 доллардан төлөп калганбыз. Ал эми жаңы торчонун салыктык наркына ылайык, биз ар бир унаага 6 миң доллар төлөшүбүз керек болуп жатат. Бул аша чапкандык деп ойлойм, бизди эч ким ойлобой жатат”,- дейт жеке ишкер Тилек Кожокулов

Митингдин катышуучуларынын айтымында, өкмөттүн жаңы чыккан токтомунда салыктык нарк бир гана чет жактан алынган жеңил унааларга карата болуп жатат. Алар эмне себептен оор жүк ташуучу унааларга, чет жактан кийим-кече жана башка нерселерди ташыгандарга салыктык нарктын көлөмү көтөрүлбөгөндүгүнө жооп таппай жаткандарын белгилешүүдө.  

Унаа ташуучулар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Compact
2015-01-23 14:12:14
Иогертен эле айтылып келинген! Угуп, ойлонушпайбы?! Ырас болот.
+2
aidartegin
2015-01-23 14:24:19
ммм бул да болсо ошо кезден бир корунуш

0
pinpon
2015-01-23 14:30:20
Ушунча адам коп болсо кКоп болуп чыкпайбы. А то 25 адам менен законду озгортмок беле
+1
aika1405
2015-01-23 15:53:11
Салима эжем кычырап норка шубаларды кийип алып бечара болуп корунойун дейтко.
+2
zamir.79
2015-01-23 16:29:30
Силердин эле митинг жетишпей жатты эле. Бул тарифти кечоо эле чыгара салса бир жон. Жарым жыл мурун айтылган мындай болоору. Озунор деле расчет албайт беленер. Догурунгандын деле чеги болот да.
+1
sibiryak
2015-01-23 16:42:33
Мейли эртен арзандатты дейли бир айга, алганы барсан арзан берет бекен ушулар.Балээгеби айтышат да растаможканы билесинби канча турат деп.
0
rozka
2015-01-23 18:01:34
Кандай боосо дагы кыйын болду баардык жерде кымбатчылык баары кредитке батып калган ! Анан баары иштешип карыздарын берели деп куйуп жатышат да жондон жон митинге чыгышмак беле
0
mister
2015-01-23 19:55:32
4 миллион салык тологом дейтго докурунгансып. Алып келип пайдасын коруп аткандан кийин салыкты толойтда. Анда олтурсун салык тологусу келбесе...
0
amirhan
2015-01-24 11:30:14
Ар бир адамды тушуно билуу керек туугандар, бул адамдар жырганыдан митинге чыккан жок!!!! Корот элем эгер силерда автоунаа ташып келгенинерде чет олкодон. Абдан кыйын иш!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан