“Катуу сабалып, зордукталды” делген 2 жаштагы баланын атасы ата-энелик милдетти аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, баланын атасы кечээ, 26-январда козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалды.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда.