Жалал-Абадда орус, өзбек тилдеринде жазылган жарнактар алынды

Кечээ, 28-январда Жалал-Абад шаардык мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси Үпөл Асаналиева маалымат каражаттарынын коштоосунда борбордук көчөлөрдөгү орус жана өзбек тилдеринде илинген көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде жазуу боюнча рейдге чыкты.

Рейддин жүрүшүндө буга чейин бир канча ирет эскертүүлөр берилип келинген, бирок алмаштырылбаган орус жана өзбек тилиндеги жарнактар алынып салынды. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Спутник шаарчасында Бакыт Борошов аттуу ишкер өзүнүн коомдук тамактануучу жайынын аталышын “Аль Барака” деп атап койгондуктан, ал жарнак да алынды. Ал Мамлекеттик тил комиссиясынын уруксатысыз бул аталышты койгон. 

“Кыргыз экенибизди кыргыз тилибиз менен аныкташыбыз керек. Мыйзамдын негизинде бул жарнактарды алып жатабыз. Тил комиссиясынын уруксатысыз илип алгандар өздөрү мыйзамды билишпейт да, "Кайсы мыйзамдын негизинде жулуп жатасыңар?" деп сөз талашкандар болуп жатат. Ата-бабаларыбыз сактап келген тилди алмаштырбай, баркташыбыз керек. Бүгүнкү күндө кыргыз тилин сактоо - ар бир жарандын милдети”,- деп билдирди аталган комиссиянын мүчөсү Мирлан Шамаматов.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
paren
2015-01-29 11:49:48
Бир чечи жаешыда оруусча уйронсон
-7
aruuzat88
2015-01-29 21:47:48
paren, Сиз биринчи кыргызчаны жакшы уйронуп алынызчы.
0
Ern
2015-01-29 12:09:26
Мен 100% колдойм, "сен кыргызча сүйлөсөң, мен кыргызча сүйлөсөм анан жарнактар да кыргызча илинсе,мына ошондо баары кыргыз тилин үйрөнүүгө аргасыз болушат". ))) )
+6
zama..kg..86
2015-01-29 12:58:01
Бали бали азамат экенсиздер ушундай тилибизге конул бурсак бат эле тилибиз баркталып онугуп кетет
+2
Bakulya79
2015-01-29 13:09:30
Туппатура кылган.мен колдоймун,кыйын болушса кыпкыргызча жазып,илип коюшсун.Мындай корунушту башка областтар да улантса болот.мына ошондо кыргыз экенибизди далилдейбиз.Чет жактан келген коноктор да,ааа биз Кыргызстанда экенбиз дегендей бололу.
+3
jasi
2015-01-29 13:31:49
Бизде да жакында болот ушул корунуш
+1
ArgenMers
2015-01-29 13:58:11
Эн Жакшы Жанылык?
+1
gooool
2015-01-29 14:07:18
Ой азаматтар,ооойййй азаматтар!!!....бар экенсинерго кайда жүрдүнөр 24 жыл,эн негизгиси мындан кийин да ушундай көзөмөл болушун каалайм!!!!!!!!!!
+1
12.12.12
2015-01-29 14:27:41
Интернет клуб дегенди кантип которсо болот? анын да алып салышыптыр го))))
+2
tagokg
2015-01-29 15:21:46
12.12.12, интернет клубдун аты болсо "паланча" интернет клубу, же аты болбосо "Интернет клубу" болуп которулат. Дагы суроон барбы?
0
12.12.12
2015-01-29 16:18:02
tagokg, "паланча" интернет клубу дегенинзиди тушундум. Бирок анын "Ташмат" деген аты эле болбосо "интернет клуб" деген заты ошол бойдон калып жатпайбы))) Анда кинотеатрды деле тасма кана деп албайлыбы)))Бирок айрым орусча, озбекче аттарды толугу менен алып салууга кошулам!
0
bokochooo
2015-01-29 17:14:24
Ой модолес экен эжем. Нарынга да барып Орсча көрнөк жарнактарды да алдырып саласыз көзгө сайып. Жакшы, жакшы мындай адамдар эл деп тил деп улут деп жерим деп иштеген адамдар ушундай адамдар коп болсо Кыргызстан тез эле бутунан турат беле. Мен деле коп суйлобойт элемго конечно деген созду))))
+1
zarbaliktik
2015-01-29 18:10:12
Туштукто орус дэлэ калбаса керек.

Озубуз элэ илип алып жатабызда. Ош обл билиотекада библиотекар орус катын бар. Китеп сурасам орусча суйло деп оло урущкан ХХХ ХХХ кылып.
0
admin_superstan
2015-01-29 18:14:00
zarbaliktik, провокация жаратуудан, этика нормаларынан чыккан билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз.
0
baha1985
2015-01-29 18:39:03
менда колдойм алып салганы жакшы жанагы озбекче орусча кочолордун аттарын алмаштырыш керек
+1
nurik2103
2015-01-29 20:14:26
baha1985, 100% кошулам
+1
kg.sity93
2015-01-29 19:08:51
азаматтар.Бишкекте да журналисттер тартып анча мынча жерди алымыщ болду эле.андан кийин эмне болушту билбедим.Борбор калаада коп орусча жарнактар.кафе ресторандардын аттары..
0
aihan77
2015-01-29 21:01:49
Бишкекте орусча жарнактарды алмак тугул бишкектин ар экинчиси кыргызча тушунмоксон болушуп киргиз боло берише:-( Парламентте отургандарды кыргызча суйлотуп кыргыз тилинен сабак отуш керек аларга. Кече эле башкы прокурордукка Индира жолдубаеваны коюшту анысы да кыргызча суйлой албайм деди. Анан башкасын айтпай эле коеюн. Орусча суйлосо оздорун кыйын сезип кала тургансып акылдуусунуп алышат:-(
+1
elgiz0890
2015-01-29 21:28:09
ош областында да жаман коп тушунуксуз жарнактар тазалап кочолордун парктардын атын озгортуш керек новойи кочосу новойи паркы кыргыздын чыгаан инсандары тактыктууго ошол кочо мн паркка уялып кетет эмне озбекстанда журомбу деп
0
Sadyrov_n93
2015-01-29 22:06:28
Упол айым мындай рейддерди тынбай кылып турат,азаматсыз ишинизге ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан