Украиналык мамлекеттик жана саясий ишмер Виктор Янукович Донецк областында төрөлгөн. Анын атасы паровоз машинисти болгон. Апасы Виктор эки жашка чыга элегинде эле көз жумган. Анын эмгек жолу 1969-жылы Донбасста газ ширетүүчү болуп иштөө менен башталган.