Кытай булактарына таянсак, эң узак жашоочу Ли Цинъюнь 256 жашында каза болгон. Ли Цинъюнь 1677-жылы Сычуань провинциясында туулгандыгы айтылып келет. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн тоолордо өткөрүп, дарылык касиети бар чөптөрдү чогултуп, узак жашоонун сырын изилдеген. 1748-жылы 71 жашында Кайсань шаарчасына көчүп келип, кытай армиясына согуш өнөрлөрүн үйрөтүүчү болуп иштей баштаган.