Эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери (1967), Кыргыз Республикасынын (1985) жана СССРдин (1991) Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жеңишбек Дөңбаев Талас облусундагы Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1969-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн. Жеңишбек Дөңбаев 1969-1970-жылдары СССРдин студенттердин биринчилигинде алтын байгени уткан. 1969-жылы профсоюздардын бүткүл союздук Спартакиадасында биринчи орунду алган. 1969-1972-жылдары СССРдин тандалма командасынын мүчөсү, 1970-жылы Республикалык спорт чеберлеринин жогорку мектебинин күрөш боюнча машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү (1969-1971) болгон. Ал эми 1983-1999-жылдары Республиканын курама командасын жетектеп, Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-2009-жылдары бокс жана күрөш боюнча РОРБСМ жетекчиси, 2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон. Жеңишбек Дөңбаев 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2001-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" наамына арзыган.