7- Май 1969 -жылы Балбан Раатбек Санатбаев туулган
Атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Олимпиаданын коло медалынын ээси Раатбек Санатбаев Ош шаарында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик Славян университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн. Анын карьерасы 1984-жылы башталган. Дал ошол жылы Юрмала шаарында Эл аралык турнир болуп, ошол жерден салмагы боюнча таймашып биринчи орунга жетишкен. Ал Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны болуп аталган. Көптөгөн Гран прилердин ээси болуп, "Даңк" медалы менен сыйланган. Андан тышкары, Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белгисин, ардак граммоталарынын ээси. Раатбек Санатбаев Хиросима жана Бангкок шаарында өткөн Азия оюндары боюнча күмүш медалдын ээси. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген.
Раатбек Санатбаев 2006-жылы 8-январда дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан