Германияда автоунааларды чыгаруучу "Audi" компаниясы түзүлгөн. Аны немис автоконструктору Август Хорьх ачып, немисче "хорьх" (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. Арадан бир жыл өтүп, “Ауди” компаниясы кубаттуулугу 22 ат күчүнө барабар алгачкы Ауди А үлгүсүндөгү унаасын чыгарат. Кийинки жылы Ауди В жана Ауди С үлгүсүндөгү автоунаалары иштелип чыккан. Алар өз заманында өтө ийгиликтүү болгон. 35 ат күчү бар, саатына 100 чакырым ылдамдыкты багынтуучу Ауди С үлгүсү ошол мезгилдин эң маанилүү Ауто Альпенфарт автожарышында жеңүүчү болгон. Бул жеңиши үчүн "Альпензигер", башкача айтканда, "Альпты багындыруучу" деген атка конгон. Бул ийгилик менен токтолбостон, компания жаңы максаттарга жетишүү үчүн 1923-жылы саатына 120 чакырымды багындыруучу Ауди М 1870 люкс классындагы үлгүлөрдү чыгара баштаган.