16- Июль 1968 -жылы
“Википедиянын” негиздөөчүсү Ларри Сэнгер төрөлгөн
Философия илимдеринин доктору, “Википедия” интернет-энциклопедиясынын түзүүчүлөрүнүн бири, америкалык Ларри Сэнгер АКШнын Вашингтон штатындагы Белвью шаарында төрөлүп, Алясканын түштүгүндөгү Анкоридже аттуу жеринде өскөн.
Ларри Сэнгер Жимми Уэлс менен биргеликте 2001-жылы 15-январда "Википедия" сайтын түзүшкөн. Википедия – дүйнөдөгү белгилүү сайттардын ичинен жетинчи орунду ээлейт. Интернет чөйрөдөгү эң көлөмдүү жана кеңири таанымал маалымат казыналардын бири.
Сайттын аталышын wiki (гавай тилинде "ылдам" дегенди билдирет) жана encyclopedia (энциклопедия) сөздөрүнөн кураштырып Ларри Сэнгер ойлоп тапкан.