16- Июль 1963 -жылы
Спорт ишмери Айсабек Полатбеков төрөлгөн
Грек-рим күрөшү боюнча СССРдин Спорт чебери, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону Айсабек Полатбеков Бишкек шаарында төрөлгөн. 2010-жылы КМДТИни аяктаган. 1983-1987-жылдары Бишкектеги "Локомотив" спорт коомунда усулчу-инструктор болуп иштеген. Андан соң Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти болгон. Айсабек Полатбеков Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спортунун отличниги. Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш командасы менен Азия, дүйнө чемпиондугуна барган.