19- Июль 1971 -жылы
Украиналык мушкер Виталий Кличко туулган
Украиналык мушкер, профессионалдык бокс боюнча супер оор салмакта WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Виталий Кличко Чүй облусунун Беловодское айылында туулган. Анын рингдеги каймана аты: Темир муштум (Железный кулак). Виталий Кличко профессионалдык бокска 1996-жылы келген. 1999-жылы 25-мушташын өткөрүп, WBO версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган. Андан туура бир жыл өткөн соң Крис Берд менен болгон беттеште утулуп, чемпиондук наамынан ажыраган. 2005-жылы чоң спорттон кеткенин расмий жарыялаганы менен, бокс дүйнөсүнөн толугу менен кеткен эмес.