V чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков Чүй облусунун Кемин районундагы Борду айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “юриспруденция” адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.
1994-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Айыл чарба ишкерлерин жана менеджерлерди даярдоо институтунун толук курсун аяктап, менеджер адистигине ээ болгон. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынан адистигин жогорулатуучу курсту аяктаган.
2006-жылы Пекин университетинен “Кытай Эл Республикасынын экономикалык өнүгүүсү жана конституциялык реформасы” деген тема боюнча бир айлык курсту аяктаган.
1974-1976-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1976-жылы Чүй областынын Кемин районундагы Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинатынын (КТМК) автобазасында айдоочу болуп иштөөдөн баштаган.
1978-1980-жылдары - КТМКда слесарь-наладчик.
1980-1988-жылдары - Кемин районунун Орловка шаарчасындагы КГМКнын кремнийдин монокристаллдарын прецисизиялык кесүү оператору.
1988-1990-жылдары - Кемин районунун “Кызылсуу” совхозунун комплекстүү ижара бригадасынын бригадири, улук чабаны.
1990-1994-жылдары - СССРдин айыл чарбасынын өнүгүшүнүн тарыхында алгачкы жолу уюштурулган Кемин районундагы “Борду” фермердик чарбасынын башчысы.
1992-1993-жылдары Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өкмөттөр аралык келишим менен бекитилген программанын алкагында Төмөнкү Саксониянын (Германия) дыйкан чарбаларындагы алдыңкы технологияларды үйрөнүү жана тажрыйба алмашуу боюнча стажировкадан өткөн.
1994-жылы USAID Программасынын алкагында Улуу Британиядан жана Түркиядан айыл чарба жаатында кеңеш берүү кызматтарынын жана менеджментинин ишин үйрөнүү үчүн курстардан өткөн.
1994-1995-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жер жана агрардык реформа фондунун төрагасынын орун басары.
1995-жылы Кемин районунун Алмалуу айылдык кеңешинин төрагалыгына альтернативдүү негизде шайланган. 1996-жылы Алмалуу айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясында айыл өкмөтүн түзүүдө айыл өкмөтүнүн башчылыгына жана айылдык кеңештин төрагалыгына шайланган.
1999-2001-жылдары Чүй областындагы Кемин районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына башчылык кылган.
2001-2003-жылдары – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүгүү иштери боюнча министрдин кеңешчиси.
2003-2005-жылдары - Чүй облусундагы Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысы.
2005-2009-жылдары – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин агрардык реформалар башкармалыгынын башкы адиси, кооперацияны өнүктүрүү жана жер маселелери бөлүмүнүн башчысы, айыл чарба ишканаларын кооперациялоо жана кайра уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси, айыл чарба ишканаларын кооперациялоо жана кайра уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.
2009-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Коомдук палатасынын аппаратынын уюштуруучулук-укуктук жана маалыматтык-талдоочулук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы.
1984-2004-жылдары - Кемин районунун шаарчалык, айылдык кеңештеринин депутаты.
1999-жылдан тартып Кыргызстан дыйкандар (фермерлер) саясий партиясынын тең уюштуруучусу болуп саналат. 2003-жылы Кыргызстан дыйкандар саясий партиясынын уюштуруу съездинде бул партия Кыргызстандын жергиликтүү коомчулуктарынын жана дыйкандарынын партиясы болуп кайра түзүлгөн.
2000-2010-жылдары Кыргызстан дыйкандар партиясынын төрагасы болгон.
КПСС БКнын, ВЛКСМ БКнын жана ВЦСПСтин ардак грамоталары (1987-ж.), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (1995-ж.) менен сыйланган.
2010-жылдын октябрында “Ар-Намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.