Саясий ишмер Шамиль Атаханов Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтунун автоматика жана телемеханика факультетин аяктаган. 1986-жылы Москва шаарындагы ИИМ академиясын укук таануу адистиги боюнча аяктаган. 1991-жылы Москва шаарындагы МГИМО Бизнес эл аралык мектебин аяктаган.
1971-1972-жылдары “Долбоормонтажавтоматика” МДИ казак бөлүмүнүн инженер-электриги болуп эмгектенген жана 1972-1973-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1973-1984-жылдары Кыргыз ССРинин комсомолдук жана партиялык кызматтарында иштеген.
1984-1986-жылдары СССР ИИМ академиясында окуган.
1986-1987-жылы Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;
1987-1988-жылдары Кыргызстандын Фрунзе ШК КП администрациялык жана соода-финансылык органдары бөлүмүнүн башчысы;
1988-1991-жылдары Фрунзе шаарынын ИИБинин начальнигинин орун басары, начальниктин милдетин аткаруучу болуп, 1991-2005-жылдары “Интер-Бишкек” БИнин башкы директору болгон.
2005-жылдын май айынан 2005-жылдын августуна чейин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри,
2005-2010-жылдары “Интер-Бишкек” БИнин башкы директору;
2010-жылдын 20-декабрынан 2013-жылдын 6-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри кызматын аркалап келген.