8- Май 1975 -жылы Испан ырчысы Энрике Иглесиас туулган
Атактуу испан ырчысы Энрике Иглесиас Испаниянын борбору Мадрид шаарында туулган. Атасы – белгилүү ырчы Хулио Иглесиас, апасы – испаниялык журналист, белгилүү телеалпаруучу Изабель Прейслер. 1979-жылы атасы Хулио менен апасы Изабель Энрике 4 жаш курагында ажырашып кетишип, ырчы атасы менен Американын Майами шаарына кетет. 1995-жылы Энрикенин алгачкы испан тилиндеги “Энрике Иглесиас” аттуу альбому жарыкка чыккан. Бул жыйнак эл жүрөгүнөн орун таап, чыккандан кийинки алгачкы бир жумада эле жарым миллион даанада сатылууга жетишкен. Альбомдогу “Сени сүйүү үчүн” деген ыры хитке айланып, Мексиканын “Марисоль” телесериалына саундтрек кылып алынган. Ушул иши үчүн “Эң мыкты латын артисти” наа­мы менен “Грэмми” сыйлыгына ээ болгон. 
2 жылдан кийин “Жашоо” деген аталышта Энрикенин экинчи альбому чыгат. Популярдуулукту багындырган ырчы жигит Энрике ушундан кийин мыкты даярдалган концерттик программасы менен дүйнөгө сапар тартат. Кичинекей кезинен эле испан, англис жана португал тилдерин жакшы билген Энрике англис тилинде ырдай баштаган. Бир аз убакыттан кийин атасы Хулио Иглесиас жана Луис Мигельдер менен бирге “Сүйүктүү латын артисти” наамына ат салышкан. Бул жолу атасына орун бошотуп бергени менен кийин ушул эле наамдын 3 жолку ээси болууга жетишкен. Бир жылдан кийин кайра испан тилинде “Сүйүү куралдары” деген аталыштагы, дагы бир жыл өтпөй англис тилинде “Энрике” альбомдору сатыкка чыгат. Андагы “Бийлөө” ыры дүйнөлүк хит-параддан биринчи орунга ээ болгон. 
Ошентип атактуулукту багындырган Энрике Уитни Хьюстон жана Алсулар менен ырдаган дуэттери камтылган “Качуу” альбомун чыгарат. 2001-жылы чыккан бул жыйнак дүйнөлүк рекорддордун баарын багындырып, андагы хит ырлары менен 16 өлкөдө 50 концерт коюуга жетишет. Кийин дагы бир “Грэмми” сыйлыгын алып келген испан тилиндеги “Мүмкүн” альбому болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан