Америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес АКШнын Техас штатындагы Гранд-Прейри шаарында туулган. Селена Гомес италиялык Мэнди Корнетт менен мексикалык Рикардо Гоместин кызы. Мэнди менен Рикардо кызы 5 жашка чыкканда ажырашып кетишкен. Театрда актриса болуп эмгектенген апасы кызын жалгыз тарбиялаган. Селена 9 жашында кастингден өтүп, “Барни жана анын достору” (“Барни и его друзья”) мультсериалына тартылып калган. Мындан кийин дагы “Күлчү кыз тууралуу дагы бир окуя” (“Ещё одна история о Золушке”), “Ханбийкелерди коргоо программасы” (“Программа защиты принцесс”), “Ханна Монтана” (“Ханна Монтана”), “Тыңчылардын балдары 3: оюн бүттү” (“Дети шпионов 3: игра окончена”) жана башка тасмаларда роль жаратып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.