26- Июль 1966 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров туулган

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров 1966-жылдын 26-июлда Ош облусуна караштуу Алай районунун Ленин жолу айылында туулган. Ал 1989-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. 2009-жылы Юридикалык академиянын юрист адистиги боюнча 2009-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1989-жылы республикалык "Динамо" коомунда самбо күрөшү боюнча улук машыктыруучу болуп иштөө менен баштаган. 1991-1992-жылдары ички иштер органында кызмат өтөгөн.

1992-1994-жылдары Каракол шаардык жол курулуш башкармалыгынын материалдык-техникалык тейлөө кызматынын инженери;

1994-1998-жылдары "БН ЛТД" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары;

1998-1999-жылдары түндүк темир жол бажысынын инспектору;

1999-2001-жылдары түндүк темир жол бажысынын улук инспектору;

2001-2005-жылдары түндүк темир жол бажысынын башкы инспектору;

2005-2006-жылдары Токмок бажысынын жетекчиси;

2006-2007-жылдары Түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2007-2008-жылдары Бишкек бажысынын жетекчиси;

2008-2009-жылдары Түндүк темир жол бажысынын жетекчиси;

2009-жылдын 30-декабрына чейин Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

2009-2010-жылдары өкмөт алдында кайра түзүлгөн Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2013-2015-жылдар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп кайрадан дайындалган.

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Спорттун дзюдо түрү боюнча чеберлер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Дзюдо жана самбо күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан