28- Июль 1977 -жылы
Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова төрөлгөн
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова Москва шаарында төрөлгөн.
1997-1999-жылдары Брин Моур колледжинин бакалавр даражасын бүтүргөн. 1998-жылы Япониядагы Эл аралык КРС япон тили боюнча окуу жайынан билим алган. 2001-2003-жылдары Нью Скул университетин гуманитардык илимдер боюнча бүтүргөн. Ал эми 2004-2006-жылдары Сара Лоуренс колледжинен магистрлик даражасын (көркөм жазуу адистиги боюнча) алган.
Эмгек жолун 1998-жылы Орусиянын парламентинин депутаттарына англис жана француз тилдеринин синхрондук котормочусу болуп иштөөдөн баштаган.
2001-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Жакырчылыкты жеңүү боюнча өнүктүрүү программасынын кенже консультанты, 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты изилдөө фондунун ассистенти, 2003-жылы эл аралык Айтматов фондунун “Дебют” долбоорунун түптөөчүсү болгон. Ал эми 2005-жылы АКШдагы Марта Валле орто мектебинин мугалими, 2007-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин көркөм адабият мугалими болуп эмгектенген.
2010-жылдын ноябрь айынан тартып "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон.