1- Август 2007 -жылы Миннеаполистеги (АКШ) Миссисипи дарыясына курулган I-35W көпүрөсү ураган
Миннеаполистеги (АКШ) Миссисипи дарыясына 1967-жылы курулган I-35W көпүрөсү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:05те урап, 13 киши каза болуп, жүздөн ашуун адам ар кандай жарааттарды алган. Көпүрөнүн узундугу 581 метрди түзүп, 8 федералдык автомагистраль өтмөгү бар болгон. Көпүрөдө 50дөй унаа жана бир нече кызматкерлер болгон. Натыйжада көпүрө кулаганда унаалардын кээ бири өрттөнүп кеткен. Кырсыкка чейин көпүрөдө жолдорду түзөө иштери жүргүзүлүп жаткан.  Иликтөөнүн жыйынтыгында көпүрөнүн конструктивдүү иштелбегени кырсыкка себеп болуп чыккан. Көпүрөнүн фермаларын бири-бирине кошуп турган бөлүгү жетишердик эместеги калыңдыктагы металлдан жасалганы аныкталган. Бул окуядан кийин бир жыл өткөн соң жаңы көпүрө салынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан