2- Август 1812 -жылы Одессаны чума эпидемиясы каптап, анын кесепетинен шаардын ар бир тогузунчу жараны каза болгон
Орусия менен Осмон империясы тынчтык келишимин түзгөн соң Одессага көптөгөн кемелер каттай баштаган. 2-августта театр үйүндө үч аял каза болуп, аларга иштегендеринен да оорунун белгилерин байкашкан. Ошол күнү шаардын полициясынын башчысы доктурларды чогултуп жыйын өткөргөн. Үч күн аралыгында сегиз адам каза болгон. Бардык жерде оорунун белгилери бирдей болгон - дене табы көтөрүлүп, тактар пайда болгон. Оору ылдам жугуп, бат өөрчүгөн. Шаарда катуу карантин башталган. Бирок ага карабастан, чуманын айынан шаардын ар бир тогузунчу жараны каза болгон.  
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан