
Манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахманов Ат-Башы районундагы Пограничник айылында ардактуу эс алууда жүрүп дүйнөдөн кайткан.
Ыбырайым Абдрахманов 1888-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз тарабындагы Чырак айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1905-жылы Караколдогу “Жаңы тартип” мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштеген. Улуу Октябрь революциясынын жеңиши менен эркиндик, теңдикке жеткен Ыбырайым Абдрахманов билимин өркүндөтүп, Алмата, Фрунзеде ачылган мугалимдик бөлүмдө окуган. 1939-жылы Фрунзедеги педагогикалык институтунун эки жылдык адабий факультетин бүтүргөн. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз фольклорун, асыресе “Манасты” жыйноого, иликтөөгө, аны аткарып, өз вариантын түзүүгө арнаган.
Ыбырайым Абдрахманов 1922-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1960-жылдар) чыгармачылык ишмердүүлүгүн бүтүндөй кыргыз фольклоруна, анын ичинде “Манас” эпосуна арнайт. Анын элдик мурасты жыйноого киришүүсү улуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Манас” эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Бул иштин демилгечиси жыйноочу-фольклорист Каюм Мифтаков болгон. Бирок ал бир аз жазып топтогондон кийин Ыбырайым Абдрахманов анын демилгесин улантып, Сагынбай Орозбак уулунун оозунан 1922-1926-жылдары “Манас” эпосунун көркөм вариаттарынын бири толук жазылып алынган. Ыбырайым Абдрахманов 1935-1960-жылдары Саякбай Карала уулунан “Манас” үчилтигинин бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун кагазга түшүргөн. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча белгилүү эпизоддорду басмага даярдап, пропагандалоонун үстүндө иштеген. “Манас” сериялар деген ат менен Сагынбай Орозбак уулунун варианттарынан “Манастын бала чагы” (1949), “Алооке кан” (1941), “Макел дөө”(1941), “Биринчи казат”(1944), манасчы Саякбай Карала уулунун варианттарынан “Каныкейдин жомогу” (1941), Акмат Рысменде уулунан “Үргөнч”(1941), Тоголок Молдодон “Семетейдин Букардан Таласка келиши”(1941) деген эпизоддорду түзүп, басмага даярдап китепче кылып чыгарган.
Ыбырайым Абдрахманов “Манасты” жыйноочу, анын айрым эпизоддорун басмага даярдаган түзүүчү-редактор, үчилтиктин негизги варианттарын кара сөзгө айландырып жазып чыккан тажрыйбалуу фольклорист катары эле эмес эпостун мыкты айтуучу-жаратуучуларынын бири да болгон. Анын өз алдынча жогорку деңгээлдеги варианты бар. Анын айтуусундагы “Манас” бөлүгү 26 миң 456, “Семетей” 23 миң 584,”Сейтек” 7 миң 839 сап ырдан турат. Бардыгы биригип 57 миң 878 сап. ”Семетей” жана “Сейтек” бөлүктөрүн 1947-1948-жылдарда, ал эми “Манас” бөлүгүн 1951-1952-жылдарда өзү жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусуна тапшырган.