
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.
Эмгек жолун 2003-жылы А.Тангатаров атындагы интернат-гимназияда кыргыз тили мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
2003-2006-жылдары - Ош мамлекеттик университетинин аспиранты.
2004-2007-жылдары Ош облустук билим берүү башкармалыгында алдыңкы адис болуп иштеген.
2009-жылы "Биз биргебиз" аттуу коомдук уюмду негиздеп, республиканын деңгээлинде жаштарды бириктирип, бир топ иш-чараларды жасап келген.
2010-жылы “Жаштар демократиялык партиясы” саясий партиясын негиздеп, анын төрайымы болуп, Кыргызстандагы коомдук, экономикалык, саясий жана маданий иштерге активдүү катыша баштаган.
2010-жылдын 10-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.