5- Август 2011 -жылы
Кыргыз Республикасынын Аскер соту Акмат Бакиевди 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган
2010-жылдын жайында кармалып Апрель, Июнь окуяларындагы баш аламандыктар боюнча күнөөлөнүп Акмат Бакиев Кыргыз Республикасынын Аскер соту тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган. Ден соолугуна байланыштуу жатак абакка чыгып, ал жерден 2012-жылдын 3-мартында качып кеткен. Абактан мөөнөтүн толук аткарбай качып кеткендиги үчүн ал 2013-жылы 12-июнда 5 жылга сырттан кесилген.