12- Апрель 1933 -жылы Испаниянын опера ырчысы Монсеррат Кабалье туулган
Испаниянын атагы дүйнөгө тараган опера ырчысы Монсеррат Кабалье Барселонада туулган. Монсеррат Кабалье Барселонадагы Лисео театрынын алдындагы консерваторияда окуп, 1954-жылы бүтүргөн. Ал эми 1956-жылы Базель операсына тапшырган. 1956-1965-жылдары Монсеррат Кабалье Европанын Бремен, Милан, Вена, Барселона, Лиссабон шаарларындагы опера театрларында ырдаган. Ырчыга эл аралык атак 1965-жылы Гаэтано Доницеттинин Лукреция Борджиинин партиясын аткарганда келген. Бул аткаруусунан соң залдагы эл туруп алып 20 мүнөттөй кол чаап турган. Ошентип Монсеррат Кабалье дүйнөгө белгилүү, күчтүү опера ырчыларынын сап башынан орун алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан