7- Август 1987 -жылы
"Каменская" станциясында эки поезд сүзүшүп кеткен
Оор жүк менен келе жаткан жүк ташуучу поезддин тормозу темир жол кызматкерлеринин күнөөсү менен иштебей калган. Өтө чоң ылдамдыктагы поезд эңкейиштен токтоно албай, Каменская станциясына кирип, платформанын жанында токтоп турган жүргүнчү ташуучу поезддин аркасын сүзгөн. Кырсыктын жыйынтыгында 106 киши каза болуп, 211 адам ар кандай жарааттарды алып, бир нече поезд ишке жараксыз деп табылган.