13- Апрель 1994 -жылы
Илимдер академиясынын окумуштуулары нааразычылык митингине чыгышкан
Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Илимдер академиясынын окумуштуулары нааразычылык митингине чыгышкан. Илимдер академиясында маяна берилбей жана айлык-акыга акча табылбай окумуштуулардын орундары кыскартыла баштаган. Эгемен республиканын жетекчилиги жүргүзгөн саясатка жаны ачыган илим адамдары "айлык-акы" жана "эмгек орундарын сактап калуу" талабы менен митинг уюштурушкан.