6- Август 1972 -жылы
"SPISE GIRLS" тобунун ырчысы Жери Холливелл туулган
"SPISE GIRLS" тобунун ырчысы Жери Холливелл Лондон шаарында туулган. Толук аты – Жеральдина Эстелла Холливел, топто “Имбирь кыз” деген кошумча аты бар. Жери мектепти аяктагандан кийин акча табуу аракетинде жергиликтүү барлардын биринде тейлөөчү (официантка), пол жуугуч, сатуучу болуп эмгектенген. Ал гана эмес, Жерини порномодель жана телеалпаруучу катары да көпчүлүк тааныйт. Кийинчерээк өз талантын пайдаланып түнкү клубдарда бийчи, ырчы болуп да кызмат кылган. Ошол кезде гезитке жарыяланган кастингге барып көрүүнү чечип, жыйынтыгында “Спайс гёлз” тобуна кабыл алынган. 1998-жылдан тарта жеке ырчы болууга өтүп, топтон кеткендиги тууралуу жар салган.