Советтер Союзунун курама командасы акыркы жолу катышкан XXV Жайкы Олимпиадалык оюндардын жабылыш салтанаты өткөн. Мурдагы Советтер Союзунун 12 республикасынан куралган команда (Литва, Латвия жана Эстония өз-өзүнчө чыгышкан) медалдардын саны боюнча биринчи орунду алган (жалпы-112 мед.; 45 алтын, 38 күмүш, 29 коло).