14- Август 1962 -жылы
Саясий ишмер Урмат Барыктабасов төрөлгөн
"Мекен-Туу" саясий партиясынын лидери Урмат Барыктабасов төрөлгөн.
2010-жылы 27-апрелде Биринчи Май райондук сотунда «Ак Үйдү басып алмакчы болду» деп камалган Урмат Барыктабасовдун жана анын жанында жүргөн 14 кишинин соттук иши каралган. Булардын үстүнөн тартип бузгандыктары, курал-жарак, ок-дарыларды жанына алып жүргөндүгү үчүн жана милиция кызматкерлерине күч колдонуп каршылык көрсөткөндүгүнө байланыштуу айыптар коюлуп, күнөөлүү деп табылган. Жыйынтыгында Барыктабасов 4 жылга, ал эми анын он төрт тарапташынын төртөө 3 жылдан 10 жылга чейин, калган ону 2 жылга эркинен ажыратылган.