14- Август 1908 -жылы
Англиянын Фолкстоне шаарында сулуулардын биринчи эл аралык сынагы өткөрүлгөн
Англиянын Фолкстоне шаарында сулуулардын биринчи эл аралык сынагы өткөрүлгөн. Сынакка 5 өлкө катышкан: Франция, Англия, Австрия, Ирландия жана АКШ. Сулуулардын биринчи эл аралык сынагында англиялык 18 жаштагы Нелли Жерман жеңишке жеткен. Нелли Жерманга кечки жана пляж үчүн да кийими жарашыктуу болуп, "Мен дүйнөдө тынчтык болуусун жана атамдын жаңы чочколуу болушун каалайм" деп баарын багындыра алган. Кийинки жылы сынак көңүл чордонунда болуп, азыркы "Дүйнө сулуусу" сынагынын түптөлүүсүнө түрткү болгон.