“Барселонанын” футболдук мектебине кабыл алынган жаш футболчу Эрбол Атабаев Кант шаарында туулган. Орусияда өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн 4 ири мелдеште “Мыкты оюнчу” болуп табылган. 2007-2010-жылдары “Абдыш-Атанын”, 2010-2012-жылдары орусиялык “Рубиндин” футбол мектебинде тарбияланган.