Советтик жана орусиялык шахматчы Гарри Каспаров Азербайжан ССРинин Баку шаарында төрөлгөн. Атасы Ким Моисеевич Вайнштейн баласынын шахмат оюнуна кызыкканынан улам, аны менен күндүр-түндүр шахмат ойногондон тажачу эмес. Атасы Гаррини 7 жашында Баку шаарындагы шахмат боюнча пионерлер үйүнө тапшыртат. Бирок 1974-жылы Гарринин үй-бүлөсүн кырсык басып, атасы Ким Вайнштейн лейкемия оорусунан улам каза болгон. Ал күндөр Гарри үчүн эң кыйын күндөрдүн бири болгон. Анткени, ал кичинесинен атасынан ажырабай, ар дайым жанында жүргөн. 10 жашынан баштап Гарри Михаил Ботвинниктин шахмат-мектебине кирип, 15 жашында анын жардамчысы болгон. 1976-жылы Гарри Вайнштейн 13 жашында СССРдин өспүрүмдөр арасында чемпиону аталган. Ошол эле жылы Гарринин энеси Клара Каспарян Гарринин келечектеги карьерасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген таризде ысымын өзгөртүүнү туура көрөт. Ошентип Вайнштейн ысымынын ордуна энеси өзүнүн ысымын берип, "ян" дын ордуна "ов" мүчөсүн улап Каспаров дегенге алмаштырган.
1978-жылы Гарри Каспаров Минск шаарында өткөн Сокольскийдин турнирин утуп, ага СССРдин шахмат боюнча спорт чебери деген наамды ыйгарышат. 1980-жылы Дортмунд шаарындагы өспүрүмдөр арасындагы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпиондукка катышып, чемпион аталган. Бул анын ийгилигинин башаты гана болчу. 1981-жылы 18 жаштагы Гарри СССРдин шахмат боюнча турнирин жеңип алып, СССРдин тарыхындагы эң жаш чемпион аталган. Ошондой эле ал баш-оту менен шахмат дүйнөсүнө кирип кетпестен, башка тармакта да терең изденүүлөрдө болгон. Ошол эле жылы келечектен көптү үмүттөндүргөн Гарри Каспаров Азербайжан институтунун чет тилдер факультетин ийгиликтүү аяктаган.
Гарри Каспаров биринчи жолу дүйнөнүн чемпиондук наамын багындыруу үчүн Анатолий Карпов менен кез келишкен. Ошол кездеги чемпион Карповдун талабы боюнча оюндун эрежеси өзгөртүлүп, беттеш чектелбеген мөөнөттө ойнотулган. Болгону биринчи 6 партияны ким утса ошол жеңүүчү аталмак. Оюндун мындай эрежесине Каспаров каршылыгын билдиргени менен, нааразычылыгынан эч майнап чыккан эмес. Беттеш 1984-жылдын 10-сентябрынан 1985-жылдын 15-февралына чейин созулуп, шахмат тарыхында эң узак созулган беттеш катары тарых барактарына жазылган. Эсеп тактасы 5:3 кезинде оюн ФИДЕнин президенти Флоренсио Кампоманес тарабынан токтотулуп, жеңүүчү болуп эч кимиси аталган эмес. Булардын экинчи жолку кезигишүүсү 1985-жылдын 1-сентябрынан 10-ноябрга чейин уланып, аягында 13:11 эсебинде оюнду Гарри Каспаров жеңип, 22 жашында дүйнөнүн 13-шахмат боюнча чемпиондук наамын багындырган. Ошондой эле ал андан кийин Карпов менен Лондон, Ленинград, Севиль, Нью-Йорк жана Лион шаарларында беттешип, чемпиондук наамын татыктуу сактап кала алган.
1993-жылы Гарри Каспаров ФИДЕнин жүргүзүп жаткан саясатын кескин айыптап, бул шахмат федерациясынан чыгып, Чеберлердин шахматтык ассоциациясын түзгөн. Ал эми ФИДЕ Каспаровго жооп кайтаруу максатында анын ысымын ар кандай рейтингдик сыноолордон алып салып, Каспаровдун бардык чемпиондук наамдарын жокко чыгарып салышкан. 1993-1995-жылдары Каспаров өзү түзгөн Чеберлердин шахматтык ассоциациясы алкагында Найджел Шорт жана Вишванатан Ананд менен чемпиондук наам үчүн беттешип, эки оюнду тең утуп алган. Ал эми 2000-жылы Каспаров дүйнөнүн чемпиондук наамын сактап калуу максатында Владимир Крамник менен кез келишип, уттуруп жиберген. Ошентип ал биринчи жолу утулуу ызасы кандай болгонун сезген.
Гарри Каспаров бир гана шахмат дүйнөсүндө активдүү оюнчу болбостон, саясий сахнада да активдүү оюнчу катары көрүнгөн. 1990-жылы ал Орусиянын Демократиялык партиясынын түптөлүшүнүн башатында турган адам болгон. 1996-жылы өлкөнүн президенти Борис Ельциндин президенттик шайлоодогу үгүт иштерин активдүү жүргүзгөн. Бирок Борис Ельцин бийликтен кетип, ордуна Владимир Путин келгенде Гарри Каспаров өзүнүн саясий көз карашын башка нукка бурган. Владимир Путиндин режимин полициялык режим менен салыштырып, Орусия жана мурунку Советтер Союзунун өлкөлөрүндө адам укуктары тепселенүүдө деген пикирде болгон. Ошондой эле Каспаровдун Борис Березовский менен алакасы жакшы болуп, ошондон улам бийлик аны ар кандай радикалдуу оппозициялык маанайдагы адам катары кабыл алган.