21- Август 1911 -жылы
Франциядагы Лувр музейинен Леонардо да Винчинин "Мона Лиза" аттуу картинасы уурдалган
Убагында Леонардо да Винчи “Мона Лизаны” меймандостугу үчүн деп Францияга өзү тартуу кылган. Ушул Лувр музейинин берметин 1911-жылы 21-августта эртең мененки саат 7-8дин аралыгында уурдап кетишкен. Полиция ар кимден шек санаганы менен, сүрөт табылган эмес. Табышмактуу жылмайган аялдын портрети арадан 4 жыл 4 ай өткөндө Флоренциянын конок үйлөрүнүн биринен табылган. Ууру италиялык Винченцо Перуджа болуп чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө ал 1911-жылы Луврдун кээ бир залдарына жүргүзүлгөн оңдоо-түзөө иштеринде сырдоочу болуп иштегендиги аныкталган.