14- Апрель 1940 -жылы
Композитор Калыйбек Тагаев төрөлгөн
Белгилүү композитор Калыйбек Тагаев Ат-Башынын Бирлик айылында туулган. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган. 1961-1962-жылдары Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, 1963-1969-жылдары Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеп, 1970-1974-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган. 1974-жылы Республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеген.
Б.Жакиевдин “Миң кыял” драмасында түрмө башчысынын, Э.Токтогуловдун “Бир короонун кишилери” драмасында Эркинбектин, Т.Абдумомуновдун “Кара көлөкө” драмасында тентек баланын ролдорун аткарган. М.Тойбаевдин “Талаа гүлдөрү”, Э.Токтогуловдун “Ак куулар көлдө термелет”, Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу спектаклдерине музыка жазган.
120дан ашык обондордун автору Калыйбек Тагаев обончулардын республикалык кароо-сынагынын 7 жолку жеңүүчүсү болгон. Анын 60ка жакын обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган. Калыйбек Тагаев 1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти деген ардактуу наамдарына ээ болгон.