АКШнын 9-президенти Уильям Гаррисондун небереси, АКШнын 23-президенти Бенжамин Гаррисон Цинциннатинин алдындагы Огайо суусунун жээгинен орун алган чакан фермердин үй-бүлөсүндө туулган. Огайо штатынын баш калаасы Колумбастагы университетке кирип, андан юристтик кесип алып чыккан. Ал пресвитериандык диний-саясий агым менен кызматташ болгон. Анын таасирин бала чагынан көргөн. Университетте окуп жатканда чиркөөдө дьякон болуп иштеп жүргөн. Коомдук көз карашы республикачыл партияга чукул болгон жана аны менен кызматташ болуп, акыры саясий мансабына да ушул партиянын аркасы менен жеткен.